FacebookPicasaTwitterYoutube
578450
Today
Yesterday
This Week
Last Week
This Month
Last Month
All days
35
408
1413
573323
8710
9244
578450

Your IP: 18.221.129.19
Server Time: 2024-04-24 09:21:44

Nooruz-MIX-2017 in Düsseldorf!!!


Урматтуу кыргызстандыктар жана Кыргызстандын достору!

KyrgyzClub-Germany бардык каалоочуларды ушул жылдын 18-мартында Дюссельдорф шаарында боло турчу кезектеги жазгы Нооруз майрамына чакырат! Ошондой эле бардык Европа өлкөлөрүндөгү биздин мекендештерибизди  чакырабыз!


Озгочо программа күтүлөт, анткени Nooruz-MIX-2017 болот! Бул эмнени түшүндүрөт? Бул, демек, биз программага  биринчи жолу, Нооруз майрамынан башка дагы майрамдарды коштук, атап айтканда:

-  биринчи кезекте бардыгын келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайбыз!
-  биз сүйүктүү айымдарды Эл аралык 8-март аялдар куну менен куттуктайбыз!
-  андан сон мырзаларыбызды 23-февраль - Ата Мекенди коргоо куну менен куттуктайбыз!
-  программанын соңунда  сүйүшкөндөрдүн  күнүн белгилейбиз.

Кече көңүлдүү, кызыктуу жана өзгөчө болот.
Биздин программанын коногу - Майя Фадеева!


"Ыр кесе", "Аркан тартуу", "Кол күрөш" сыяктуу көптөгөн улуттук оюндарды өткөрөбүз. Ошондой эле биздин программада кыргыз эстрада ырлары, бийлер, оюндар жана көңүлдүү баарлашуулар болот! Кеченин уландысы дискоклубда отот.

Кечеде кытай жана монгол ашканасынан фуршет болот. Өткөрүү жайы: Дюссельдорфтун борбору "Tao Pavilion" рестораны.

Эгерде кимдир-бирөө кечеде ырдагысы келсе, талантыңыздарды көрсөтөм десеңиздер, алдын-ала кайрылгыла, биз сиздерди созсуз программага кошобуз!

Ар бир келген билеттин 1 евросу Бишкектеги "Умут Надежда" балдар  борборун колдоого которулат.

Биринчи жолу Дюссельдорфко келип, шаарды көргүсү келген коноктор учун шаар боюнча сейилдөө уюштурулат. Жолугушуу Düsseldorf Hauptbahnhof'то (Кыргызстандын желегине багыт алыныз) саат 13:00до болот.

16:30  каттоонун башталышы
17:30  КР элчиси  Э.Оторбаевтин куттуктоо сөзү
18:00  тамактануу (фуршет саат 22:30 чейин)
19:00  Нооруз-2017 куттуктоо программасы
20:00  8-март айымдарды куттуктоо
21:00  23-февраль мырзаларды куттуктоо
22:00  сүйүү күнүн белгилөө
23:00  бий программасы  (танапис)
23:30  кечени жыйынтыктоо
24:00- 05:00 Afterparty дискоклубда

Бизди Кыргыз Республикасынын Берлиндеги элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Бонндогу консулдук кызматы колдойт.

Майрамдын башталышы: саат 16:00 ,"Tao Pavilion" рестораны.
Дареги:Friedrich-Ebert-Straß­e 31, 40210 Düsseldor­f (Düsseldorf Hauptbahnhof)


Кечеге катталуу 15.03.2017 чейин болмокчу.
Кечеге катталуу үчүн: Фамилия, атыңызды жана жашаган шаарыңызды көрсөтүп, төмөндөгү дарекке жөнөтүнүз: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кечеге кирүү акысы: 19 евро.
15.03.2017 чейин каттоодон өтпөгөн коноктор кошумча 2 евро төлөшөт.
4 жашка чейинки балдарга кирүү акысыз.4 жаштан 16 жашка чейинки балдарга жашына жараша 1 евродон.
Суусундуктар үчүн биздин конокторго 10% арзандатуу.


Сиздерди терең урматтоо менен,

KyrgyzClub-Germany